Абдышүкүр Нарматов иштен кетип, ордуна орун басары шайланды

Аалымдар кеңешинин жыйыны өттү.
Sputnik

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Аалымдар кеңешинин жетекчилиги алмашып, төрага болуп Абибилла Кадырбердиев шайланды. Бул туурасында муфтияттын маалымат кызматынан кабарлашты. 

Абдышүкүр Нарматов иштен кетип, ордуна орун басары шайланды

19-февраль күнү Аалымдар Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги 7-жыйыны өткөн. Анда жетекчи болуп Абибилла Кадырбердиев, орун басарлыгына Ниязали Арипов менен Фархат Юсупов келген.

Кеңешти буга чейин Абдышүкүр Нарматов башкарып келсе, анын орун басалары Марс Ибраев жана төрагалыкка келген Кадырбердиев эле.