БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Кыргызстандын Катардагы элчиси Нуран Ниязалиев тышкы иштер министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, Ниязалиев президент Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгы менен Кыргызстандын Катардагы элчиси кызматынан бошотулган болчу.