Радио

Оторов: камералар бардык эле эреже бузууларды каттай бербейт

Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын үгүт-насаат иштери боюнча тескөөчүсү Тилек Оторов "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында коюлган видеокамералар кайсы эрежелердин бузулуусуна көз салып турарын айтып берди.
Sputnik
Оторов: камералар бардык эле эреже бузууларды каттай бербейт

Камералар эреже бузуунун бардык эле түрлөрүн каттай бербейт. Алар негизги жети эреженин сакталышын көзөмөлдөйт. Бул тууралуу Тилек Оторов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, камера коюлбаган көчөлөрдө ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери автоунаа менен жүрүп, көзөмөлгө алат.

"Бүгүнкү күндө "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында республика боюнча 110 байкоочу, көзөмөлдөөчү аппараттар орнотулса, алардын 38и Бишкекте жайгашты. Мындан сырткары, борбор калаада ылдамдыкты ченөөчү төрт комплекстик жабдуу орнотулду. Ошондой эле Чүй облусунда 48 стационардык аппарат жана ылдамдыкты ченөөчү 20 жабдуу коюлду. Булар жалпысынан жети эреже бузууну каттоого алат. Алгач эле жол чырагынан туура эмес өтүүнү айтсак болот. Ошондой эле кыймылга карама-каршы айдоо, газон, тротуар, веложолдорду тебелөө, токтоп туруучу чийинден ашып кетүү, белгиленген ылдамдыктан ашуу, жөө адамдардын укугун бузган учурлар жана аялдама менен унаа токтоочу жайлардагы эреже бузуулар. Учурда шаардагы айдоочулар камера бар жерлерден гана эрежени сактап, башка учурларда өзү билемдикке барып жаткандары байкалууда. Автоинспекторлор мындай учурларды да каттоого алып, айып пул сала аларын да айта кетейин", — деди Оторов.

Ал салынган айып пулду айдоочу 15 күндүн ичинде төлөсө 50 пайыз арзандатуу берилерин кошумчалады.