Сузакта цемент ташыган унаа Audi машинасын сүзүп, эки киши каза тапты

Кырсыкка себепкер унаанын айдоочусу машинанын тормозу кармабай калганын айтып берген.
Sputnik

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Сузакта цемент ташып бараткан унаа ичинде беш кишиси бар Audi С4 үлгүсүндөгү машинаны сүзүп салды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын маалымат катчысы Айбек Сатыбалдиев билдирди.

Жол кырсыгы дүйшөмбү күнү болжол менен саат 14.00дө Бишкек — Ош жолунун 558-чакырымында болгон.

"Цемент ташыган унаа трасса менен түндүк тарапты көздөй келе жаткан. Бир маалда айдоочу тормозу кармабай калганын билип, жол боюна чыгууга аракет кылат. Бирок каршы тилкеде келе жаткан жеңил унаанын айдоочусу чоң машинаны көйздөй буруп жиберген. Натыйжада жүк ташуучу унаа аны сүрүп барып өзү оодарылып калган", — деди Сатыбалдиев.

Кырсыктын кесепетинен Audi унаасындагы эки киши набыт болуп, үчөө ар кандай жаракат менен ооруканага жеткирилген. Цемент ташып бараткан айдоочу жабыркаган эмес. Факт Эреже бузуулардын реестрине катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.