Суусамырда жүк ташуучу унааны артынан сүзгөн бустун 6 кишиси жабыркады

ӨКМдин куткаруучулары жерине барып, кыпчылып калган эки адамды чыгарышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Чүйдүн Жайыл районундагы Суусамыр аймагында 17-февралда саат 05:15 чамасында Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаа жолдун четинде токтоп турган Mercedes Benz Gigant жүк ташуучу машинаны сүзгөн. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, жол кырсыктан бустун айдоочусун кошкондо 6 адам ар кандай жаракат алган.

ӨКМдин куткаруучулары жерине барып, орундуктарга кыпчылып калган эки адамды чыгарышкан. Жабыркагандар Тез жардам кызматы менен Жайыл райондук ооруканага жеткирилген.