БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Малайзияда баласын ары-бери ыргытып ойногон россиялык жаш үй-бүлө полицияга кармалып, бул кадамын түшүндүрүп бергенден кийин бошотулду. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.
Бир нече күн мурда интернетте эркек киши 3-4 айлык баланы көчөдө ыргытып ойноп, аны эл тегеректеп турган видео тараган.
Кийин белгилүү болгондой, 27 жана 28 жаштагы жубайлар бир жылдан бери Азияны кыдырып жүрүп, төрт ай мурда кыздуу болушкан.
"Биз сергек жашоону жакшы көрөбүз. Эт жебей, жалаң жер-жемиш менен тамактанабыз. Кызыбызды ары-бери ыргытып, буту-колун чойгонубуз — бул динамикалык гимнастика. Балага эч зыяны жок. Үй-бүлөбуз менен денибиз сак", — деп түшүндүрдү жубайлар.
Аларды полиция кармагандан кийин медиктер баланын ден соолугун текшеришкен. Жыйынтыгында наристенин эч жаракаты жок экени аныкталды.
Полиция үй-бүлөнүн документтерин колуна берип, эркиндикке чыгарган. Бирок кандай чечим кабыл алгандыгы тууралуу так маалымат жок.