Мамагенттик футбол стадионун куруу үчүн инвестор издейт

Борбор калаага Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) талабына төп келген стадиондун курулуусу пландалып жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Көп функционалдуу жаңы футбол стадионун курууга өкмөткө караштуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги инвесторлорду чакырат. Бул туурасында агенттиктин расмий сайтында айтылды.

Билдирмеге ылайык, борбор калаага Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) талабына төп келген стадиондун курулуусу пландалууда.

"Аталган долбоордун максаты футболдун, деги эле спорттун өнүгүшүнө шарт түзүп, Бишкек шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу болуп эсептелет", — деп айтылат маалыматта.

Стадионду курууга кызыкдар болгон инвесторлор 25-февраль күнү саат 18:00гө чейин Мамагенттикке кайрылса болот.