КТРКга башчы болом деген 22 кишинин аты-жөнү белгилүү болду. Тизме

Талапкерлердин катарында азыркы директор Илим Карыпбеков да бар.
Sputnik

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Коомдук телерадиокорпорациясына башкы директор болом деген 22 кишинин аты-жөнүн байкоочу кеңеш ачыктады.

КТРКда кызматкерлер үчүн уктап эс ала турчу жай салынат. Видео
Жыпар Жекшеев төрагалык кылган кеңештин жыйыны бүгүн, 18-февралда, өтүп, анда талапкерлердин документтери текшерилди. Карай келгенде 22 талапкердин 13үнүн документи толук болбой калган. Жыйындын жүрүшүндө талапкердин кепилдик каты боюнча кеңеш мүчөлөрү арасында талаш жаралып, аталган каты жокторду шайлоого катыштыруу маселеси эки ирет добушка коюлду. Натыйжада көпчүлүк кепилдик каты жок 10 талапкерди үч күндүн ичинде тийиштүү документти алып келүүгө милдеттендирди.

Элдар Аттокуровдун өмүр баяны баштаган бир катар документи, Бөлөкбай Шеримбековдун паспортунун көчүрмөсү, кепилдик каты жана эмгек китепчесинин көчүрмөсү, Жылдыз Муслимованын паспортунун көчүрмөсү жок өтпөй калышты.

19 талапкердин тизмеси:

  1. Илим Карыпбеков
  2. Ибрагим Нуракун уулу
  3. Малика Курманова
  4. Адил Турдукулов
  5. Каарманбек Кулуев
  6. Мирлан Самыйкожо
  7. Алим Токторов
  8. Дүйшөк Мамбетөмүров
  9. Жайнак Үсөн уулу
  10. Мирбек Мурзабеков
  11. Куттумидин Базаркулов
  12. Галина Байтерек
  13. Сураган Босумбаев
  14. Ишен Айтмамбетов
  15. Замирбек Казакбай уулу
  16. Сюита Соурбаева
  17. Болотбек Тиллебаев
  18. Эркинай Эшанкулова
  19. Абдихалил Ахматов

Эми аталган талапкерлер 28-февралда аңгемелешүүдөн өтөт.

Башкы директорлук кызматтын мөөнөтү — 4 жыл. Шайлоо үч этап менен өтөт. Кийинки баскычка мурунку этаптан өткөн талапкерлер гана чакырылат.