Бишкекте түркүктү сүзгөн Lexus автоунаасынын айдоочусу каза болду

Жол кырсыгы 17-февралда Дэн Сяопин менен Интергельпо көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Жолдун четиндеги түркүктү сүзгөн жолтандабастын айдоочусу каза болгонун Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, жол кырсыгы 17-февралда саат 8:00дөр чамасында Дэн Сяопин менен Интергельпо көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Lexus GX470 үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай, түркүктү барып сүзгөн. Киши автоунаанын ичине кыпчылып калгандыктан куткаруучулар чыгарган. Андан сырткары, машинанын ичинде дагы бир аял болгон. 

Бишкекте түркүктү сүзгөн Lexus автоунаасынын айдоочусу каза болду

ЖКККББнын билдиришинче, жолтандабастын 34 жаштагы айдоочусу А.Т. алган жаракатынан улам каза болгон. Ал эми 39 жаштагы аял оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Топтолгон бардык материалдар тергөө органдарына берилип, тийиштүү экспертиза дайындалды.