Радио

Касымов: курут менен жан баккан күндөр болду

Республикалык Баткен согушунун ардагерлер кеңешинин Ысык-Көл району боюнча мүчөсү Уланбек Касымов Баткен согушуна "Скорпион" атайын даярдыктагы аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жатканында аттанган.
Sputnik
Касымов: курут менен жан баккан күндөр болду

Кырдаал өтө оор, жоокерлердин кийген кийиминен тартып жеп-ичкен тамак-ашына чейин тартыш эле. Бул тууралуу Уланбек Касымов Sputnik Кыргызстан радиосунун Баткен согушунун 20 жылдыгына арналган эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аймакка байкоо жүргүзүү үчүн чыгарда аскерлерге жанына 300-400 грамм кургатылган нан жана кант аралашкан суу берилчү.

"Чындыгында биз согушка даяр эмес элек. Биздин бөлүк кадыр-барктуу бөлүктөрдүн сап башында. Бирок кийим-кечек, жеген тамак-ашыбыз менен башкалардан айырмаланчу эмеспиз. Кийимибиз афган согушунан калган формалар. Согушкерлер кол салган айыл тургундарынын көбү жер которуп кеткен. Ошондо биз аймакка байкоо, чалгындоо жүргүзүү үчүн жолго чыгарда, жаныбызга 300-400 грамм кургатылган нан жана глюкоза болсун деп 1,5 литр кант аралашкан суу беришчү. Ээн калган үйлөрдө катыган курут көп эле. Ошолорду алып кээде бир күн бою ошол курутту жеп, артынан суу ичип коюп, жан баккан күндөрүбүз көп болду", — деди Касымов.

Ошондой эле жоокер Баткен согушунда бир катар жакын санаалаш жоокерлерден айрылып калгандыгын кошумчалады.