АКШда 50 автоунаа кагышкан авариянын видеосу жарыяланды

Жол кырсыгынын кесепетинен бир киши каза болгон. Ошондой эле жаракат алгандар дагы бар.
Sputnik

АКШда бурганактап жааган кардан жана жолдун тайгагынан 50 автоунаа катышкан жол кырсыгы катталганын CBS Local басылмасы жазды.

Жол кырсыгы Миссури штатынын Оук Гроув шаарындагы I-70 трассасында болгон.

​Жарыяланган видеодо катуу ылдамдык менен келе жаткан автоунаалардын бири-бирине урунуп жатканын көрүүгө болот.

​Штаттын жол полициясынын билдиришинче, жол кырсыктан бир киши каза болуп, бир нече адам жаракат алган. Айрым автоунаалар такыр эле керекке жарабай калган.

​Кырсыктан улам аталган жол убактылуу жабылып, окуя болгон жерге тийиштүү кызматтын баары тартылган.