Эми бир укмуш! Кармачудай туман, жаалданган толкун жана 15 мыкты эмгек

Sputnik

Баш байге менен мыкты пейзажчы-фотограф наамын канадалык Адам Гиббс алды. Андан сырткары, калыстар тобу эң сонун экен деп баалаган 101 сүрөт басылган китеп чыкмай болду.

Алардын ичинен абдан жакшы деп табылган 15 сүрөттү Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүнөн көрө аласыз.

1 / 15
"Бийлеп жаткан токой". Пейзаждык фотография боюнча конкурстун жеңүүчүсү Адам Гиббс болду
2 / 15
"Империянын дөбөчөлөрү". Экинчи орунду Грег Боратиндин куму эшилген чөлдү тарткан эмгеги ээледи
3 / 15
Кышындагы чексиздик же аппак карга көмүлгөн айлана. Же аппак кардагы казыктар, айтор, көп аталыш берсе болот. Үчүнчү орунду Петер Свободанын ушул сүрөтү алды
4 / 15
"Күзгү абстракция". Пол Марчелли тарткан сүрөт көз жаздымда калган жок
5 / 15
"Аткыч". Майлз Моргандын бул эмгеги да өзгөчө деп бааланды
6 / 15
"Жалгыздыкта". Италиялык фотограф Роберто Марчегиандын эмгеги
7 / 15
"Көк тасмалар" — Крис Бирндин асмандан тартылган сүрөттөрүнүн бири
8 / 15
"Күндүн чыгышы менен батышы" деп аталган номинацияда Сяо Чжунун сүрөтү жеңди
9 / 15
Дарактын түнкү көрүнүшү. Калыстар тобунун пикиринде бул мыкты сүрөттүн бири болду
10 / 15
Фотограф туманды кармаптыр! Оливер Верлинин бул сүрөтү адамды кайдыгер калтырбайт
11 / 15
Игнасио Паласиостун тарткан ирмеми. Кар, суук, аяз, муз жана... алардын алдында калган эмне болду экен?
12 / 15
Кудум кинодогудай, мульфильмдегидей. Россиялык Андрей Омелянчуктун сүрөтү
13 / 15
Жаалданган толкун, карарган асман, түнөргөн деңиз. Австралиядан тарткан Уоррен Киландын сүрөтү
14 / 15
Сары, сары, сапсары. Сиднейдеги ботаникалык бактын асмандан тартылган көрүнүшү. Автор Питер Вираг
15 / 15
Токойдогу алтын күн. Канада. Карина Микертумова менен Амир Хариринин эмгеги