Муфтият экстремизм менен терроризмге каршы күрөшүүдө ИИМ менен чогуу иштейт

Эки тараптуу жолугушуунун алкагында өлкөдөгү диний кырдаал талкууланып, кызматташууну бекемдөө сүйлөшүлдү.
Sputnik

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Муфтият экстремизм, терроризмге жол бербөө, экстремисттик агымдарга бөгөт коюу иштерин алып барууда Ички иштер министрлигинин атайын кызматы менен чогуу иштейт. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Сирияга үй-бүлөсүн алып кетип согушка катышкан кыргызстандык кармалды
Ага ылайык, муфтий Максатбек ажы Токтомушев Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын башчысы Жеңиш Жоробеков менен жолукту.

Эки тараптуу жолугушуунун алкагында өлкөдөгү диний кырдаал талкууланып, кызматташууну бекемдөө сүйлөшүлдү. Аны менен катар жаштардын, элдин арасында түшүндүрүү ишин жүргүзүү боюнча иш мерчемдерин биргеликте иштеп чыгуу маселеси каралды.