"Дарак ырынын" режиссеру Кинематографисттер союзунун төрагасы болду

Мындай чечим уюмдун Бишкекте өткөн 25-съездинде кабыл алынды.
Sputnik

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Режиссер Айбек Дайырбеков Кыргызстандын Кинематографисттер союзунун төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине режиссер өзү тастыктады.

Мындай чечим уюмдун Бишкекте өткөн 25-съездинде кабыл алынган.

"Дарак ыры" тасмасы Бангладештеги конкурста мыкты аталды
Төрагалык кызматка Марат Сарулу, Айбек Дайырбеков жана Болот Алимбаевдин талапкерлиги сунушталган. Бирок Алимбаев өз талапкерлигин кайра алып койгон.

Негизинен Кинематографисттер союзуна 305 киши мүчө. Маалыматка караганда, жаңы жетекчи шайлоо боюнча съездге алардын 148и катышкан. Добуш берүүдө Сарулу — 69, ал эми Дайырбеков — 79 добуш алды.

"Убагында Чыңгыз Айтматов, Төлөмүш Океев зыяктуу залкарлар башкарган бул жайга төрага болуу мен үчүн чоң сыймык. Буюрса алдыга бир топ жакшы максаттарды коюп жатабыз", — деди Дайырбеков.

39 жаштагы Айбек Дайырбеков "Ак Илбирс" улуттук киносыйлыгын негиздөөчүлөрүнүн бири. Республикалык "Карек" балдар жана өспрүмдөр кинофестиваль жана кинолагеринин негиздөөчүсү. 2018-жылы тартылган "Дарак ыры" фильми бир катар эл аралык абройлуу кинофестивалдарда Кыргызстандын намысын татыктуу коргоп келе жатат.

Кинематографисттер союзун 2015-жылдан бери коомдук ишмер, режиссер Таалайбек Кулмендеев башкарып келген.