Карылар үйүндөгү жашоо, тагдырлар, жасалып жаткан иштер тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги мекеменин жетекчиси менен баарлашты.
— Сиз жетектеген мекемеде азыр канча киши жашайт?
— Учурда 201 киши жашайт. Бул социалдык стационардык мекемеде улгайып калгандар эле эмес, 18 жаштан өйдө ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер дагы кездешет. Учурда 22 жаштан 30 жашка чейин 10дон ашуун майып бар.
— Иш алып баруу оңой болбосо керек…
— Кесибим боюнча мугалиммин. Бирок мугалим болуп иштеп жүргөн кезде эле социалдык долбоорлорго катышып жүрчүмүн. Анын үстүнө педагогика менен социалдык тармактын өкүлдөрү окшош болуп калышат экен. Бишкектеги карылар үйүн жетектеп баштаганыма быйыл сегиз жыл болот. Албетте, жумуш оңой эмес. Күн алыс мекемеге жалаң турмуштун оор кырдаалына кабылгандар кайрылат. Азыркы заманда андайлар абдан көп экен. Бир гана үй-жайы жок калгандар эмес, арасында балдары менен батышпай, келин-уулу, кыз-күйөөсү менен мамилеси келишпей калгандар бар. Жакшынакай иштеп жүрүп, үй-жайы бар туруп эле оор илдетке кабылып багуудан калгандар келет. Үйүн балдарына алдатып жибергендер, өмүр бою иштебей арак ичип көчөдө калгандар, түрмөдөн чыккандар, жада калса илимдин кандидаттарына чейин бар. Канча киши болсо, ошончо оор тагдыр.
— Аялдар көппү же эркектерби?
— Кийинки убакта эркектер көбүрөөк болуп жатат. Кейиштүүсү — эркектердин ичинен кыргыз улутундагы жарандардын көп келип жатканы. 200 кишинин ичинен 71 адам кыргыздар. Көбү аялы каза болуп калгандар, келин-уулуна батпай калдым деп келишет. Бирок ата-энени башкача жаратат экен, кызы же уулу алып келип таштап кеткен күндө дагы "өздөрү бала-чакасын араң багып жатат, үйү тар" деп аларга жаман сөз тийгизбейт. Балдарын күнөөлөгөндөр чанда.
— Алардын сырын сизден жакшы билбеген адам жок болсо керек…
— Ооба, жүрөк ооруткан тагдырларды угуп жатып ага да көнөт экенсиң. Адам карыганда таарынчаак болуп, жаш балага окшоп калат экен. Кыял-жоругу бузулат. Бул табигый көрүнүш. Бирок биздеги адамдардын таарынычы, депрессиясы катардагы карылардыкынан эки-үч эсе оор. Жакшынакай, кычыраган эле кишилер таштап кеткенде жан ачышпай койбойт. "Ай, бул атаңар, апаңар да" деп акыл-насаат айтып ойлондурууга аракет кылам.
Бирок баары эле андай эмес. Арасынан "албай койгонго кандай акыңыз бар" деп беттен алгандар чыгат. "Мыйзам боюнча бардык документтери менен алып келдик, социалдык башкармалык уруксат кылып жолдомо бергенден кийин албай койгонго укугуңар жок" деп догурунуп таштап кетишет. Бизге келерде бир топ документтерди чогултушу керек, анын ичинде социалдык башкармалыктын дагы жолдомосу зарыл. Анан ата-энесин алып келгендер "соцбашкармалык уруксат бергенден кийин силер кайда качасыңар" дегендей эле мамиле кылышат.
— Таштагандар кайра алып кетишеби? Ойлонуп артынан издеп келгендер болобу?
— Бизде жашагандардын көбү ошол мекемеден көз жумушат. Жайына өзүбүз узатабыз. Аларды узатуу зыйнатына атайын акча бөлүнгөн. Православ дин өкүлдөрүнө жыгач үкөк берилет. Мусулмандарды мечиттен молдону атайын чакыртып, сууга алып, кепин бычтырып, жаназага тургузуп шарты менен узатканга аракет кылабыз. Мага чейин бул мекеменин жетекчиси башка улуттагы адам болчу. Эми алар мусулмандардын, биздин ырым-жырымдарды жакшы деле билбейт да. Кыргыздар өлгөндө кепинделбей эле узатышчу экен. Жетекчи болуп келгенде дароо муфтиятка "мусулман жарандарды акыркы сапарга узатчу шартын түзүп бергиле" деп кат жолдодум. Ошондон бери азыр муфтият менен иштешебиз. 20 метрден кепин жана атайын молдо бекитип берген.
Жүрөк ооруткан учурлар көп эле. "Балдарымды, үйүмдү сагындым. Үйүмдү бир көрсөтүп койгулачы" деп сурангандар да бар. Азыр бизде төшөктө бир апа жатат. "Туугандарыма баргым келет, үйүмө бир алып барып койгулачы" деп кишинин ыйлагысын келтирет. Шаарга жакын болсо алып барабыз. Аныкы Чүйдө экен, үйүнө эки-үч жолу алып барып келгенбиз. Бирок ал жакта эч ким жашабайт экен.
— Оор илдетке кабылгандар да кароодон калып келет деп калдыңыз…
— Бизде жашаган 200 кишинин 50дөйү төшөктөн турбай жаткандар. Айрымдары оор илдетке кабылып, караган кишиси жок келсе, кээ бири бизде жүрүп эле карылыгы жетип төшөккө жатып калышат. Алар үчүн атайын "Мээрим" деген бөлүмүбүз бар. Негизги жайда да өзүнчө бөлмө бар. Бизде иштеген кызматкерлер тамагын берип, памперсин алмаштырып жакшынакай багышат.
— Кызматкерлер "жумушу оор" деп тез эле кетип калышпайбы?
— Ар бир кишини аларда "жумуш оор, айлыгы аз, чыдасаңар иштегиле. Соопчулук кылып чын жүрөктөн иштейм десеңер гана алабыз" деп айтам. Чыдаганы чыдайт, кетип калгандар дагы жок эмес. Жалпы жонунан жамаат жакшы. Азыр 70тей киши иштейт. Арасында жаштар дагы көп. Жамаат менен жашагандарды жакындатуу максатында майрам сайын ар кандай сынак, иш-чараларды өткөрүп турабыз. Анда командага бөлүп сөзсүз жашагандардын арасына кызматкерлерди да кошобуз. Мисалы, "Алга, аталар", "Алга, апалар" "Жаз сулуусу" деген иш-чараларды өткөрөбүз. Спорттук иш-чаралар болот. Демөөрчү тартабыз. Күн жылыганда жаратылышка чыгып, жайкысын көлгө барабыз.
— Мекемеден табышып баш кошкондор болот деп угуп калабыз?
— Ооба, жалгыздыктан тажап, бири-бирине көңүлдөрү келишип, табышып алгандар бар. Аларга өзүнчө бөлмө беребиз. Молдо келип никесин кыят, үйлөнгөндүгү тууралуу күбөлүк алышат. Буга чейин 13 үй-бүлө бар болчу, азыр аялы же күйөөсү каза болуп алты үй-бүлө калды.