Чарчайт, кубарат, көп тумоолойт. Баладагы рак илдетинин белгилери

Онкологдун айтымында, баланын рак оорусу өлүмгө өкүм эмес. Жаш организм чоңдор чыдабаган медициналык процедураларды жеңилирээк көтөргөндүктөн, алардын 80-90 пайызы толук сакайып кетет.
Sputnik

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Баланын ракка кабылганын кайсы белгилер аркылуу байкаса болорун Молдованын Онкология институтунун Балдар гематологиясы бөлүмүнүн башчысы Ирина Пласкевич Sputnik Молдова агенттигине айтып берди.

"Балдардын рак илдети көбүнесе өтүшүп кеткен 4-стадиясында билинет. Анткени көп учурда ал сасык тумоо, чарчап-чаалыгуу, дененин ар кайсы жеринин көгөрүүсү менен коштолот. Мындай учурда ата-энелер рак жөнүндө ойлонбойт. Баланын күнүмдүк жашоосунда кезиге турган майда-чүйдө нерселер деп ойлоп, алданып калышат", — деди дарыгер.

Ата-энелер төмөнкү белгилер адаттагыдан көбүрөөк билине баштаганда баланы дарыгерге алып баруусу зарыл:

  • бат-баттан дене табынын көтөрүлүшү;
  • кубаруу;
  • узакка созулганг сасык тумоо;
  • тамакка табиттин бузулуусу;
  • муундардын оорусу;
  • чарчап-чалыгуу;
  • дегенин көгөрүүсү;
  • дайыма уйкусурап жүрүү;

Эркек киши рак илдетине чалдыкканын алты нерседен билүүгө болот
Пласкевичтин айтымында, баланын рак оорусу өлүмгө өкүм эмес. Жаш организм чоңдор чыдабаган медициналык процедураларды жеңилирээк көтөргөндүктөн, алардын 80-90 пайызы толук сакайып кетет. Дарылануунун өзү 2-2,5 жалга созулса, дагы беш жыл дарыгердин көзөмөлүндө болот. Бул жылдар аралыгында залалдуу шишик кайрылып келбесе, бөбөк толугу менен сакайып кетти деп эсептелет.