БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Быйыл күздө өтчү Өзбекстандагы чемпионат көк бөрүнүн эрежеси менен болот. Бул туурасында Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов маалымат жыйында билдирди.
Көчмөндөрдүн үчүнчү дүйнөлүк оюндарынан кийин Өзбекстандан өкүлдөр менен макулдашылганын, бул боюнча дагы иш-аракеттер жасаларын белгиледи.
"Көк бөрүгө дүйнө эли кызыгып жатат. Көчмөндөр оюнун 1,3 миллиард адам көрүп, алардын 90 пайызы көк бөрүгө кызыккан. Эми боордоштор "биз өзүбүздүкү менен дүйнөгө таанылабыз" деген саясат жүргүзүп жатат. Биздин тай казан жоголуп кетпейт. Аны ызы-чуу кылуунун кажети жок", — деди Саматов.
Ага улай эле Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов аттардын жана улакчылардын коопсуздугу үчүн деп тай казанды алууну шылтоо катары сыпаттады.
"Тай казанды мурдагыга караганда бир аз коопсуз кылганбыз. Бардык спорттун түрүндө кооптуулук бар. Ошол эле хоккейде бири-бирин чаап, бортко урунуп жүрүшпөйбү. Антип отурсак, бири-бирибизге тийишпей эле, улагын талашпай, жерге түшсө акырын барып алып ойнош керек. Мунун түпкү тамыры башкада. Көкпар биздин оюнубуз деп таңуулашууда. Өзбекстандагы чемпионатта көкпар болсо катышпайбыз, бир жолу барып уят болдук. Намыска жарап жүргөн балдарыбыз жер карап келди", — деди Аманкулов.
Соңунда Жыргалбек Саматов тай казан менен ойноого кызыкдар тараптар көп экенин айтып, аны алып салууну 5-10 адам гана каалап жатканын белгиледи.
Эскерте кетсек, 14-февралда Астанада Дүйнөлүк көкпар ассоциациясынын жыйыны өтүп, ага 9 өлкө катышкан. Анда тай казансыз, муляж менен ойноого ыктаган көкпар оюнунун эл аралык эрежеси кабыл алынган. Кыргызстандан расмий өкүл барган эмес.
Ушул маселенин айланасында бүгүн, 16-февралда, Кыргызстандын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов жана Көк бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов маалымат жыйын өткөрдү.