Алгач алар көк бөрү оюну Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОго катталганын жана үч жолу Көчмөндөр оюндарында өткөрүлгөнүн белгилешти. Өзбекстанда болчу Дүйнө чемпионатында дагы көк бөрүнүн эрежеси менен өтөрүн айтышууда. Эгер андай болбосо, Кыргызстан оюндарга катышуудан баш тартарын билдиришти. Ошол эле учурда тай казан эл аралык аренадан түшүп калбайт деп ишендиришти.
Канат Аманкулов Дүйнөлүк көкпар ассоциациясынын жыйынында коопсуздук үчүн деп жаңы эреже кабыл алынганына таңыркады.
"Алардын "улакчылар менен аттар жаракат алат" деген эки эле шылтоосу болуп жатат. Эч ким жаракат албай турган бир спорттун түрүн айтып бергилечи?.. Мисалы, өзүм бүгүн эртең менен 15 чакырымга чуркап тиземди оорутуп алдым. Жөнөкөй эле кросс, мени эч ким түрткөн жок. UFC, бокс, күрөштү алалы, баарында жаракат алат да. Эркектердин оюну ушундай. Аттарды деле даярдаса болот, бийлегенге деле үйрөтүп атпайбы. Оюндун кызыгы тай казанда, буга чет элдиктер да кызыгып жатат", — деди Аманкулов.
Ал ошондой эле улуттук оюнду өнүктүрүү максатында Кыргызстанда кийинки жылы көк бөрү боюнча Дүйнөнүн жана Азиянын биринчилигин өткөрүү боюнча атайын программа иштелип жатканын кабарлады.
Эскерте кетсек, 14-февралда Астанада Дүйнөлүк көкпар ассоциациясынын жыйыны өтүп, ага 9 өлкө катышкан. Анда тай казансыз, муляж менен ойноого ыктаган көкпар оюнунун эл аралык эрежеси кабыл алынган. Кыргызстандан расмий өкүл барган эмес.
Ал эми көк бөрү менен көкпардын эрежелерин салыштырып, айырмачылыктарын билүүгө кызыксаңыз, бул жакка баш багыңыз.