Бразилиялык оюнчу кыргыз футбол клубунун сынынан өтпөй калды

Ал бир жумадай машыктыруучунун көз кырынан өтүп, бирок жаккан эмес.
Sputnik

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Бразилиялык футболчу Рамон де Лима Саро "Дордой" футбол клубунун кароосунан өтпөй калды. Бул тууралуу аталган клубдун маалымат кызматынан билдиришти.

Чет элдик оюнчу 8-февралда Бишкек шаарына учуп келип, 15-февралга чейин машыктыруучуга өнөрүн көрсөтүп берген. Бирок сынынан өтпөй калган.

Бийлик инвесторлорго Бишкекке жаңы стадионду чогуу курууну сунуштап жатат
Саро негизинен борбордук коргоочу позициясында "Бразилия", "Чыгыш Тимор" жана "Бахрейн" клубдарында ойноп, 2012-2016-жылдары "Чыгыш Тимордун" курама командасында болгон.

Ал эми өлкөнүн чемпиону аталган "Дордой" клубу учурда Түркмөнстандын курама командасынын чабуулчусу Вахыт Оразсахедовду кароодон өткөрүүдө. Ал футболчу акыркы жарым жылда "Алтын Асыр" түркмөн клубунда ойноп, Азия футбол конфедерация кубогунун вице-чемпиону боло алган. Оразсахедов "Рубин" клубунда тарбияланып, Россия, Түркмөнстан, Азербайжандын клубдарында ойногон.