Бишкекте дайынсыз жоголгон киши изделүүдө. Сүрөт

Ал 4-февралда Ак-Бата конушундагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча жок болууда.
Sputnik

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Борбор калаада дайынсыз жоголгон Максатбек Эсеналиев аттуу жаран изделүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Бишкекте дайынсыз жоголгон киши изделүүдө. Сүрөт

Билдирмеге ылайык, 42 жаштагы киши 4-февралда Ак-Бата конушундагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча жок болууда.

Өзгөчө белгилери: бою 167-170 сантиметр, чачы кара, кыска, көзү кара. Үстүнө кара түстөгү күрмө, көк джинсы, бутуна кара бут кийим кийген.

Жаран тууралуу маалымат билгендер болсо, Свердлов райондук ИИБине төмөнкү телефон номерлер аркылуу кабарлап койсоңуздар болот. 0553 10-23-87, 0 554 10-22-68, 0772 05-20-00, 0702 49-88-88, 0552 10-27-43, 0706 (32-62-62).