Бишкектин көчөлөрүнө арчанын көчөттөрү отургузулууда. Сүрөт

Февраль айынын аягына чейин кышкы көчөттөрдү отургузуу аяктайт. Жалпысынан 2124 даана ийне жалбырактуу көчөт тигилет.
Sputnik

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Бишкек мэриясынын "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы шаардын көчөлөрүнө ийне жалбырактуу көчөттөрдү отургузуп жатат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, учурда Масалиев көчөсүнүн Айтматов проспектисинен Токтоналиев көчөсүнө чейинки бөлүгүнө 120 даана арчанын көчөтү отургузулду. Жашылдандыруу иштери Байтик баатыр көчөсүнө чейин жүргүзүлөт.

"Азыркы учур ийне жалбырактуу көчөттөрдү отургузуу үчүн эң ыңгайлуу мезгил", — деп айтылат маалыматта.

Февраль айынын аягына чейин кышкы көчөттөрдү отургузуу аяктайт. Жалпысынан 2124 даана ийне жалбырактуу көчөт тигилет.