Президенттин талабын аткарган жок! Кыргызстанда ондогон акимдер сөгүш алды

Аты аталган жетекчилер коюлган талаптар менен милдеттерин так аткарган эмес.
Sputnik

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Былтыр президенттин "2018-жылды региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө" Жарлыгын жетиштүү деңгээлде аткарбаганы үчүн бир катар райондун жетекчилерине сөгүш жарыяланып, айрымдарын кызмат ордунан алуу сунушталды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Премьер Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин башчысын иштен алды
Өкмөттүн 15-февралдагы жыйынында президенттин "2018-жылды региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын жана 2018-2022-жылдар мезгилинде өлкөнүн региондук саясат концепциясын аткаруунун жүрүшү тууралуу маселе каралган. Анын жыйынтыгында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бир катар аймактардын жетекчилерине катуу сөгүш берип, айрымдарын иштен алуу сунушун киргизди.

Сөгүш алгандар:

- Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев;

- Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Байыш Юсупов;

- Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун акими Айбек Бегимкулов;

- Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрация башчысы Рахат Исаков;

- Ош облусунун Өзгөн районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Бактыбек Алайчиев;

- Чүй облусунун Панфилов районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Мелис Райымкулов;

- Баткен облусунун Баткен районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Кеңеш Салихов;

- Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Баймурат Бекмуратов;

- Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун мамлекеттик администрация башчысы–аким Эмилбек Абдыкадыров;

- Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрация башчысы–аким Данир Иманалиев;

- Нарын облусунун Ат-Башы районунун мамлекеттик администрация башчысы–аким Жакыпбек Субагожоев;

- Талас облусунун Манас районунун мамлекеттик администрация башчысы–аким Бектеналы Дүйшебаев;

- Нарын облусунун Жумгал районунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Гүлбарчын Исакова;

- Ош облусунун Араван районунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Музафаржон Мамасаидов;

- Ош облусунун Ноокат районунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Ниязбек Козуев.

Кызматынан бошотууга сунушталгандар:

- Чүй облусунун Москва районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Азамат Эсенбеков;

- Чүй облусунун Кемин районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Жумгалбек Дуйшебаев;

- Жалал-Абад облусунун Аксы районунун мамлекеттик администрация башчысы–аким Масалбек Мырзамамытов;

- Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун мамлекеттик администрация башчысы–аким Майорбек Сатымкулов;

- Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун мамлекеттик администрация башчысы–аким Улан Доконбаев;

- Ысык-Көл облусунун Тоң районунун мамлекеттик администрация башчысы–аким Таалайбек Ажиев;

- Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары Каныбек Камбаралиев.