Путин олимпиада чемпиону менен күч сынашып жатып, манжасын оорутуп алды. Видео

Окуя президент менен 2016-жылкы Рио-де-Жанейро шаарында өткөн олимпиада чемпиону Беслан Мудранов спаррингге чыккан учурда болду.
Sputnik

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Сочи шаарында дзюдочу менен бирге машыгуу маалында оң колунун манжасын оорутуп алганын РИА Новости жазды.

Путин "Юг-спорт" спорттук комплексинде аты чыккан мушкерлер менен жолугушуп, бир сааттык машыгууга катышты.

Ошол учурда бир нече спортчу менен ар кайсы ыкмаларды жасады.

Бирок президентти колунун ооруганы токтото алган жок. Ал жабыркаган манжага пластырь чаптатып алып, машыгууларды кайрадан улантты.