Украинада уурулар адашып полиция пунктуна кирип барды

Полиция кызматкери Зоя Мельник Facebook баракчасына өзгөчө окуя тууралуу билдирүү жазган.
Sputnik

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Украинада Одесса шаарынын борбордук көчөлөрүнүн биринде эки ууру кылмыш кылган соң кокустан полиция отурган жерге кирип барган. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Басылманыны маалыматына ылайык, полиция кызматкери Зоя Мельник Facebook баракчасына өзгөчө окуя тууралуу билдирүү жазган. Ал уурулардын ишин "жылдын эң аңкоо кылмышы деген титулга татыктуу" деп сыпаттаган.

Маалым болгондой, эки ууру жолдо өтүп бараткан кишини тоноп, анын ири суммадагы акчасын алып качып баратып кокустан полиция отурган мекемеге кирип кетишкен.