Байланыш операторлорунун эл аралык кызматын мыйзамсыз колдонгондор кармалды

Сотко чейинки териштирүүнүн негизинде Бишкек шаарынын төрт жеринде тинтүү жүргүзүлүп, 4 даана атайын жабдык (GSM), 5 даана SIMBOX, "Альфа-Телеком" жана "Скаймобайл" компанияларынын 3 миңдей сим-карталары табылган.
Sputnik

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы "Альфа Телеком" компаниясынын коопсуздук дирекциясы менен биргеликте жүргүзгөн иш-чаранын жыйынтыгында атайын жабдыктарды жана абоненттик номерлерди колдонуу менен эл аралык байланыш трафигин мыйзамсыз колдонуп келген фактыны аныктады. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Байланыш операторлорунун эл аралык кызматын мыйзамсыз колдонгондор кармалды

"Такталгандай, адамдар атайын жабдыктын жардамы менен бир канча ай ичинде жергиликтүү байланыш операторлордун трафигин мыйзамсыз колдонуп, эл аралык байланышты камсыз кылып келишкен", — деп айтылат маалыматта.

Байланыш операторлорунун эл аралык кызматын мыйзамсыз колдонгондор кармалды

УКМК: ИИМдин тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды
Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, бул мыйзамсыз иштердин уюштуруучулары - У.М.М., У.Б.К., А.Б.А. жана аларга тиешеси бар деген шек менен "АльфаТелеком" компаниясынын кызматкери Н.О.Т кармалды.

Белгилей кетсек, сотко чейинки териштирүүнүн негизинде Бишкек шаарынын төрт жеринде тинтүү жүргүзүлүп, 4 даана атайын жабдык (GSM), 5 даана SIMBOX, "Альфа-Телеком" жана "Скаймобайл" компанияларынын 3 миңдей сим-карталары табылган.

Азыркы убакта "Альфа-Телеком" жана "Скаймобайл" ЖЧКларына келтирилген зыян такталып жатат.