Кара кар. Россиядагы үч шаардын жашоочуларын чочулаткан видео

Болуп көрбөгөндөй түстөгү кар жаагандан кийин Кемерово облусунун прокуратурасы иликтөө баштады.
Sputnik

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Кемерово облусундагы (Россия) бир нече шаарларга кара түстөгү кар түшкөнүн ВВС жазды.

Адаттан башкача көрүнүш туурасында кабарды Прокопьевск, Киселевск, Ленинск-Кузнецк жашоочулары биринчилерден болуп айтышкан. Тартып алган сүрөттөрүн социалдык тармактарга жүктөгөндүгүн көрүүгө болот.

​Жергиликтүү эл бул аймактагы көмүрдүн ачык түрдө казылып жаткандыгынан улам болууда деген пикирин айткан.

Кара түстөгү кар жаагандан кийин Кемерово облусунун прокуратурасы иликтөө баштады.

Ошол жердеги фабрикалардын биринин директору ишкананын тазалоочу жабдуусу иштен чыгып калгандыгын айткан. Облустун өнөр жай, транспорт жана экология маселеси боюнча губернаторунун орун басары Андрей Панов мындай булгануунун себебине токтолду. Ал — көмүр мештери, транспорттон чыккан зыяндуу газ жана өндүрүш ишканалары экендигин айтты.