Илим Карыпбеков КТРКнын директорлугу үчүн ат салышмай болду

Карыпбековдун мөөнөтү март айында аяктайт.
Sputnik

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik.Илим Карыпбеков КТРКнын башкы директорлугуна өз талапкерлигин койду. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Карыпбеков мындай чечим кабыл алуу оор болгонун жазган. Анткени айрым күчтөр анын 4 жылда жасаган эмгегин жокко чыгарып, жаманатты кылып көрсөтүүгө аракеттерди көрүп жатат.

"КТРКнын көптөгөн кызматкерлери телеканалдын байкоочу кеңешине, өлкө президентине, парламентке жана өзүмө оозеки жана кат түрүндө кайрылып, кийинки ачык конкурска катышуумду суранды. Көптөгөн кесиптештеримдин оюн сыйлап жана КТРКда 4 жыл ичинде жасалган иштин жыйынтыктарын коргоо максатында телеканалдын башкы директорлугуна болгон ачык конкурска катышууну чечтим", — деп жазды ал.

Карыпбеков анын мындай чечими коомдо бир катар сын-пикирлер менен терс көз карашты жаратышы ыктымалдыгын да жазып, мындай аракеттер телеканалга чыныгы иш билги киши келишин шарттайт деген пикирин билдирген.

Илим Карыпбековдун КТРКнын башкы директорлугундагы мөөнөтү март айында аяктайт. Ал мындан төрт жыл мурда жетекчи болуп дайындалган.