Францияда "Бешкемпир" тасмасына билет калбай, фильм кайра көрсөтүлдү

"Бешкемпир" кыргыз режиссерунун француз публикасына жаккан жалгыз тасмасы эмес. Буга чейин ал жакта "Кентавр" менен "Свет аке" дагы
Sputnik

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Кыргызстандык режиссер Актан Арым Кубаттын "Бешкемпир" фильми Францияда өткөн Азия тасмалары фестивалында дагы бир ирет көрсөтүлдү. Бул тууралуу продюсер Алтынай Койчуманова билдирди.

Фестиваль 5-12-февраль күндөрү 25-жолу Везуль шаарында өттү.

Юбилейлик датага карата уюштуруучулар мурдагы жылдары көрсөтүлгөн сүймөнчүк тасмалардын бирин программага кошо алмак.

"Уюштуруучулар Актан Арым Кубаттын "Бешкемпир" тасмасын тандап алышты. Негизи бул фильм аталган фестивалдын алкагында үчүнчү ирет көрсөтүлүп жатат. Алгачкы жолу 2000, андан соң 2002-жылы тартууланган. Ошого карабай француз кино сүйүүчүлөрү белгиленген эки сеанстын тең билетин талап кетип, үчүнчү сеансты уюштурууга туура келди", — деп айтылат билдирүүдө.

"Дарак ыры" тасмасы Бангладештеги конкурста мыкты аталды
"Бешкемпир" кыргыз режиссерунун француз публикасына жаккан жалгыз тасмасы эмес. Мисалы, 2011-жылы "Свет аке" бул фестивалды "ачып" берсе, 2018-жылы "Кентавр" иш-чаранын жабылуу салтанатында көрсөтүлгөн.

Мындан тышкары, "Кентавр" Франциянын 30дан ашуун шаарында прокатка чыгып, элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон.

Азия тасмалары фестивалы - Европада 1995-жылдан бери өткөрүлүп келген эң кадырлуу иш-чаралардын бири. Жыл сайын анда 90дон ашуун тасма көрсөтүлүп, 30 миңдей көрүүчү болот.