Бишкек шаарынын вице-мэри иштен кетти

Өткөн жылдын жай айында Куламбаева бул постко талапкерлигин өзү койгон.
Sputnik

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Бишкектин вице-мэри Асел Куламбаева өз каалоосу менен иштен кетти. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Бишкекте 4 миң бактын кыйылышы боюнча мэрия түшүндүрмө берди
Тийиштүү буйрукка мэр Азиз Суракматов кол койду. Маалымат кызматынан кабарлашкандай, Куламбаева мындай чечимге өзү келген. Так себеби азырынча айтыла элек.

Учурда вице-мэрдин милдетин мэриянын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев аткарууда.

Куламбаева вице-мэрлик кызматка өткөн жылдын июнь айында дайындалган. Ага чейин Бишкек шаардык кеңешинде "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынан депутат болчу. Ал Айгүл Рыскулова вице-мэрликтен кеткенден кийин анын ордуна өзүнүн талапкерлигин койгон.