ТЭЦтеги авариянын чыныгы себеби жана чыгымы так айтылды

Өткүрбек Жамшитов тергөөнүн жүрүшүндө Бишкек ТЭЦиндеги авария эмнеден улам чыкканы да аныкталганын айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. 2018-жылдын 26-январында Бишкек ТЭЦинде болгон авариядан "Бишкекжылуулуктармактары" ААКы менен "Электр станциялары" ААКына жалпысынан 89 миллион 699 миң 230 сом зыян келген. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди.

Экс-төрага ТЭЦти оңдоо боюнча келишим эмнеге бир күндө кабыл алынганын айтты
Учурда Жогорку Кеңеш Бишкек ТЭЦинде болгон авариянын себептеринин иликтениши жана оңдоого кеткен 386 миллион доллар боюнча өкмөттүн маалыматын угуп жатат.

Ал ошондой эле тергөөнүн жүрүшүндө Бишкек ТЭЦиндеги авария эмнеден улам чыкканы да аныкталганын айтты.

Алардын бири — "Электр станциялары" менен "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" кызматкерлери 2017-2018-жылдын күз-кыш мезгилине даярдык иштерин жетиштүү деңгээлде өткөргөн эмес.

"Бишкек ТЭЦинин кышка даяр эместигин, тактап айтканда, цехтердин чатыры жана терезелери жок экенин билип туруп ал кемчиликтерди атайын жашырышкан. Мындан сырткары, күз-кыш жылытуу мезгилинде Бишкек ТЭЦинин сууну химиялык тазалоо жабдыктарынын 1-катарын демонтаж кылуу боюнча туура эмес чечим кабыл алынган. Жыйынтыгында жабдыктар максималдуу чыңалган учурда химиялык тузсуздандырылган суунун көлөмү жетишсиз болуп калган", — деди ал.

Жамшитов соттук-курулуш-техникалык жана технологиялык комплекстик комиссиянын экспертизасы авариянын себептерин аныктаганын айтты. Ага ылайык:

  • имарат жана техникалык жабдыктар күз-кыш мезгилине даяр болгон эмес;
  • химиялык сууну тазалоо жабдыгы түздөн-түз күз-кыш мезгилинен өтүү учурунда демонтаждалган;
  • ТЭЦтин техникалык-оперативдик кызматкерлери тарабынан катачылыктар менен шалаакылыктарга жол берилген.