Соцтармак тайвандык мугалимдин сулуулугуна суктанууда. Сүрөт

Буга чейин мугалимдин Instagram баракчасына 10 миң адам катталган болсо, эми 93 миңге жетти.
Sputnik

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Тайвандык студенттер окутуучусу менен түшкөн сүрөттү жарыялагандан кийин интернет колдонуучулары бийкечти "эң сулуу мугалим" деп атап, кызуу талкууга алышты.

Сүрөттөн кыска кара көйнөк кийип алып студенттерге сабак берип жаткан бийкечти көрүүгө болот.

 

The Daily Mail басылмасынын жазганына караганда, кыздын аты Чэн Цзя Вэнь, ал 28 жашта.

Жаш мугалим Чжунли шаарындагы Илим жана технология институтунда автордук укук боюнча лекция окуйт.

Заматта популярдуу болгон мугалимдин Instagram баракчасындагы катталуучулары 10 миңден 95 миңге чейин өсүп кеткен.

Мугалимдин сулуулугуна суктанган интернет колдонуучулар кайра окууга тапшыргылары келип кеткенин жазышкан. Мындан сырткары, комментаторлор "студенттер бул айымдын сабагына калбай келсе керек. Бирок предметке көңүл буруу кыйынга турат го" деп жазышууда.

Чэн учурда Кытай маданияты университетинде магистратурада окуйт. Бош убактысында пианино менен флейтада ойнойт.

Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта хиджабын чечип, сулуулугу менен элди таңыркаткан ирандык бийкеч тууралуу Sputnik агенттиги даярдаган материалдан окуңуздар.