Брокер, маклер, дуополия, вето... Экономикалык сөздөрдүн эбин таба аласызбы?

Күнүмдүк жашоодо экономика тармагына тиешелүү сөздөрдү укканда такалып, маанисин түшүнбөй бир саамга туруп калабыз. "Тибиртке" рубрикасынын кезектеги чыгарылышы дал ушул темада болот.
Sputnik

Материалды даярдоодо cалык терминдеринин орусча-кыргызча сөздүгү пайдаланылды. Китеп өкмөттүн алдындагы Терминология комиссиясы тарабынан бекитилген.

Анархия — башаламан;

Баланс — теңдем;

Бегунок — жүгүртмө;

Брокер — арачы;

Вето — тыюу салуу;

Дамно — акчанын номиналдык жана курстук наркынын ортосундагы айырма;

Датчик — билдиргич;

Дуополия — базардагы бирдей өндүрүмдү эки өндүрүүчү сунуштаган кырдаал;

Емкость — сыйымдуулук;

Инструкция — нускама;

Маклер— далдалчы;

Нуллификация— жок кылуу;

Пеня — туум;

Преференция — өзгөчө жеңилдиктер;

Протест — каршылык;

Регистратор — каттоочу;

Сноска — шилтеме;

Фиксация — белгилөө;

Фиктивный — жалган;

Цифровой — санариптик;

Этикетка — энбелги;