Кореялык аткаминер Өзбекстанда министрдин орун басары болду

Буга чейин Ли Корея республикасында Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо министрлигинин демографиялык саясат тармагын башкарган.
Sputnik

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Түштүк Кореянын жараны Донгвук Ли Өзбекстандын саламаттык сактоо министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

"Донгвук Ли чет өлкөлүк тажрыйбаларды колдонуу жаатында жана саламаттык сактоо тармагындагы реформаларга жоопкерчиликтүү", — деп жазылат макалада.

Instagram тармагындагы белгилүү саясатчылар тизмектелди. Арасында Мирзиёев бар
Мындан тышкары, чет элдик кадр мамлекеттик жана жеке өнөктөштүктү, медициналык туризмди өнүктүрүү жана инвестиция тартуу боюнча иш алып барып, сапаттуу атаандаштык программаларын ишке ашырат.

Буга чейин Ли Корея республикасында Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо министрлигинин демографиялык саясат тармагын башкарган.