Ош — Баткен — Исфана жолун оңдоо иштери жанданды

Жеринде 12 атайын техника менен 62 киши иштөөдө.
Sputnik

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. 1-февралдан баштап Ош — Баткен — Исфана жолун реконструкциялоо иши жанданды. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинен кабарлашты.

Бүгүнкү күндө 75 жана 108-чакырымдары оңдолуп жатат. Жеринде 12 атайын техника менен 62 киши иштөөдө. Реконструкция боюнча көпүрө дагы курулат.

"Учурда асфальт төшөө үчүн материалдар даярдалып жатат", — деп айтылат маалыматта.

Подрядчы — азербайжандык "Алке Иншаат Санайи ве Тижарет" компаниясы. Ал эми "Спектрум" ишканасы техникалык көзөмөлдү жүргүзөт.