БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. 2018-жылдын январь-ноябрь айларынын ичинде 29 865 кыргызстандык көз жумганын Улуттук статистика комитетинен кабарлашты.
Бул көрсөткүч 2017-жылдын 11 айына салыштырмалуу өлүм-житим азайганын билдирет. Тагыраагы, мурдагы жылы 30 142 киши өлгөн.
Статистикага таянсак, былтыр суицид жана ичимдиктен каза болгондордун саны киши колдуу болгондорго караганда эки эсе көбүрөөк болгон.
Кыргызстандыктардын өлүмүнө себеп болгон негизги факторлордун бири — кан айлануу системасындагы оорулар (51 пайыз).