Мындан ары автоунааны сатып алган киши кайрадан салык төлөбөйт

Эски мыйзамга ылайык, унааны жаңы сатып алган киши ага мурдагы ээси салыкты төлөгөнүнө карабай, кайрадан төлөөгө милдеттүү болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Ушул жылдан тарта автоунааны жаңы сатып алган адам анын салыгын төлөбөйт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын маалымат катчылыгынан билдиришти.

Кыргызстанда 2018-жыл үчүн декларация кабыл алына баштады
Бул Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө байланыштуу болууда. Мындан ары унааны сатып жаткан адам автонун документтери менен бирге бул жылга салык төлөгөндүгү боюнча квитанцияны дагы бериши керек.

Эски мыйзамга ылайык, унааны жаңы сатып алган киши ага мурдагы ээси салыкты төлөгөнүнө карабай, кайрадан төлөөгө милдеттүү болчу.

Салыктын бул түрү жыл сайын 1-сентябрга чейин төгүлүшү зарыл.