Министрлик: фермерлер киреше алып келчү гана эгиндерди экпеши керек

Айыл чарба министрлигинин биринчи милдети — өлкөнү азык-түлүк менен камсыздоо экени айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Фермерлер жалаң гана киреше алып келе турган жашылча-жемиштерди айдабашы керек. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн тегерек стол учурунда Айыл чарба министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн жетекчисинин милдетин аткаруучу Анаркүл Беккулиева билдирди.

Министрлик: фермерлер киреше алып келчү гана эгиндерди экпеши керек

Тегерек столдун темасы — "Айыл чарба министрлигинин чабалдыгынан дыйкандар жакырланууда. 2019-жылы эмне эгүү керек?".

Анын айтымында, эң биринчиден азык-түлүк коопсуздугуна көңүл буруу зарыл. Тагыраагы, биринчи максат — өлкөнү керектүү азыктар менен камсыз кылуу. Ал эми экспорт экинчи планда.

"Буудайдын ордуна техникалык сырье ала турган пахта, кызылча, күрүч, зыгыр сыяктуу өсүмдүктөрдү өстүрүү сунушталып жатат. Албетте, булар экспортко жакшы. Бирок биз азык-түлүктөрдү импорттоп жаткан өлкөлөр чектөө киргизип койсо, эмне жейбиз?" — деди Беккулиева.

Ал кошумчалагандай, Айыл чарба министрлигинин биринчи милдети — өлкөнү азык-түлүк менен камсыздоо.