Кыргызстан эми чийки этти Россияга экспорттой алат

2007-жылдан бери чийки эт экспорттоого тыюу салынып келген.
Sputnik

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Кыргызстандагы шарп ылаңы боюнча эпизоотикалык абалдын жакшырганынан улам Россиянын ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматы 2007-жылы коюлган чектөөсүн алды. Бул тууралуу аталган инспекциянын маалымат кызматы билдирди.

Андыктан Кыргызстандагы чийки этти Россияга жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге экспорттоого мүмкүнчүлүк кеңейет.

"Убактылуу чектөөнүн алынуусу менен эми Кыргызстандын чийки эти ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн жана Россиянын аймагында сатылуусуна шарт түзүлдү. Эми бир топ ишкананын, фермерлердин этти көбүрөөк жерге сатуусуна жол ачылды", — деп айтылат маалыматта.

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясы кыргыз ишкерлерине дагы да жакшы шарт түзүп берүүнү башкы максат катары коёт.

Кыргызстан былтыр 10 айдын ичинде 2 миңден ашык тонна эт экспорттогон.