Былтыр Жээнбековго кимдердин үстүнөн көбүрөөк арыз түшкөнү айтылды

Кыргызстандыктар бир катар мамлекеттик органдардын ишине нааразы экенин айтып, ар кыл маселелер боюнча кайрылган.
Sputnik

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Былтыркы жылы президенттин аппаратына жана коомдук кабылдамасына 14 493 кайрылуу түшкөн. Бул тууралуу өлкө башчынын сайтында айтылат.

Жээнбеков менен Путин бейформал түрдө жолукту. Видео
Көпчүлүк сот жана укук коргоо органдарынын ишине нааразы экенин билдирген. Бул багытта 6487 ирет кайрылуу болсо, аткаруу бийлигинин үстүнөн 3 357 ирет даттанышкан.

Жергиликтүү бийлик органдарынын ишмердүүлүгүнө 1 549 адамдын ичи чыккан эмес.

Негизинен Жээнбековго ар кыл маселелер боюнча кайрылышкан. Алардын арасында ырайым берүү, жарандык алуу, коопсуздук маселелери бар. Ал эми 141 чет элдик киши президенттин сүрөтү менен кол тамгасын сураган.