Депутат болуп келиңиз! Курсан Асановду эл өкүлдөрү катарына чакырды

Депутат министрдин орун басары берилген бардык суроого так жооп берип жатканын белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Умбеталы Кыдыралиев ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов депутаттардын берген суроолоруна ушунчалык жакшы жооп берип жатканын белгиледи.

"Курсан Сатарович, сиз абдан жакшы жооп берип жатасыз, кийинки чакырылышта бул жакка (Жогорку Кеңешке — ред.) келиңиз", — деди депутат.

Депутат: чет элдиктерди депортациялоого мамлекет чыгым болбошу керек
Кыдыралиевдин мындай сунушуна Асанов жооп берген жок. Бирок вице-спикер Мирлан Бакиров "Курсан Сатарович даярдык көрүп жатса керек" деди.

Бүгүн депутаттар "Тышкы миграция жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун карады. Ал үчүнчү окууга киргизилет.

Эске салсак, Жогорку Кеңешке шайлоо 2020-жылы өтөт. Азыркы 6-чакырылыштагы Жогорку Кеңеште 6 фракция бар.