Аламүдүндө кампа өрттөнүп, бир аял жана эки бала каза болду

Ушу тапта маркумдардын бири-бирине туугандык байланышынын бар-жогу такталып жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылында кампа менен гараж күйүп, анын кесепетинен бир келин жана эки бала каза болгон. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, аялдын жашы 34тө. Ал эми балдардын бири 10, экинчиси бир жашта экени айтылды. Кампанын 100 чарчы метри, ал эми гараждын чатыры өрттөнгөн.

Учурда келтирилген материалдык чыгымдар жана кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.