Экс-президентке иш козгоо мыйзам долбооруна добуш берген депутаттар. Тизме

Мыйзам долбоорун депутаттар Исхак Масалиев менен Курманкул Зулушев демилгелеген.
Sputnik

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. "Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамдын долбоору экинчи окууда колдоого алынды.

Ага 94 депутат макул болсо, 8 депутат каршы чыкты. 

Законопроект о возбуждении уголовного дела экс-президенту

Аталган мыйзам долбоорун депутаттар Исхак Масалиев менен Курманкул Зулушев демилгелеген.

"Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндөгү" мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууга келгенде 12-беренени толугу менен алуу сунушталган.

Аталган беренеде мындай жазылган.

Кыргыз Республикасынын экс-президентинин кол тийбестиги

Кыргыз Республикасынын экс-президенти кол тийгис укукка ээ. Ал Кыргыз Республикасынын президентинин ыйгарым укуктарын аткарган мезгилинде жасаган аракеттери же аракетсиздиги үчүн жазык жана администрациялык жоопкерчиликке тартылышы, ошондой эле кармалууга, камакка алынууга, тинтүүгө, суракка алынууга же жеке текшерүүгө дуушар кылынышы мүмкүн эмес.

Кыргыз Республикасынын экс-президентинин кол тийгис укугу ал ээлеген турак жайга жана кызматтык бөлмөлөргө, ал пайдаланган транспорт каражаттарына, байланыш каражаттарына, ага таандык болгон архивге, башка мүлккө, документтерге, жүктөргө жана анын кат-кабарларына да жайылтылат.

Масалиев кол тийбестик мыйзамына каршы добуш бериши боюнча үн катты
Бирок талкуу учурунда депутаттар Таабалды Тиллаев менен Асел Кодуранова да сунуштарын берген. Тиллаевдин берген сунушуна ылайык, Кыргызстандын экс-президенти ал экс-президент макамынан ажыратылгандан кийин жазык жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн. Экс-президентти макамынан ажыратуу үчүн жалпы депутаттардын үчтөн биринен кем эмес добуш алуусу зарыл.

Ал эми Кодуранова берген сунуш боюнча экс-президентти КР президентинин ыйгарым укуктарын аткарып жаткан мезгилде жасаган кылмыштары үчүн жоопкерчиликке тартууга Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн эки добушунун макулдугу болушу керек. Кодуранова өз сунушун 10 бөлүккө бөлүп сунуштаган.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети депутат Кодуранованын сунушу Тиллаевдин сунушун концептуалдуу негизде камтый тургандыгын белгилеген. Андыктан Тиллаевдин сунушун негиз катары алуу менен депутаттардын жалпы санынын добуштарынын төрттөн үчүнүн ордуна үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүгү менен экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу боюнча Жогорку Кеңеш тарабынан чечим кабыл алуу жөнүндө депутат Кодуранованын сунушуна макул болууну сунуштаган.