БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Эгер бийликтен кеткен экс-президент статусу бар жаран кандайдыр бир мыйзамсыз аракеттерди жасаса, ал катардагы жарандардай эле жоопко тартылат. Мындай сунушту Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрагасы Канат Керезбеков айтты.
Учурда депутаттар "КР президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун талкуулап жатат. Ал экинчи окууга киргизилет.
Депутат Исхак Масалиев экс-президент макамы бар киши кылмыш жасаса кандай жоопко тартыларына кызыкты.
"Президент учурунда жасаган аракеттери үчүн кол тийбестикке ээ, президент болбой турган учурда жасаса кандай болот?" — деп суроо салды Масалиев.
Депутат Акылбек Жапаров жаңы сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда экс-президент саясатка аралашпасын деген норма киргизилип жатканын белгиледи. Анын айтымында, мурдагы президенттер "экс" статусу бар туруп премьер, спикер же партияны баштап шайлоого аттанам десе, бардык кол тийбестиктеринен баш тартуусу керек.
Эл өкүлү мисал катары Германиянын канцлери Ангела Меркелди келтирип, мөөнөтү аяктап жатканына байланыштуу партиянын лидерлигинен кетип, партиянын катарынан чыгып, саясатка аралашпайм деп жатканын айтты.