Аламүдүндө эки баласы менен өрттөнүп кеткен аял. Окуянын чоо-жайы

Коңшулары аял 2 литр бензин сатып алганын көрүшкөн.
Sputnik

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылында бир келин жана эки бала каза болгон окуянын чоо-жайын айтып берди.

Келечек конушундагы өрт. Ууланган бир тууган наристелердин абалы оор
Буга чейин милицияга аталган айылдагы үйлөрдүн биринде 12-февраль күнү өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөнү кабарланган. Кырсыктын кесепетинен 34 жаштагы аял, 10 жана бир жаштагы бала каза тапканы маалымдалган.

Алдын ала тергөөнүн жыйынтыктарына караганда, аял аталган даректе жолдошу, кайненеси жана эки уулу менен жашап келген. Жолдошу экөөнүн кулагы укпайт.

Милиция кызматкерлери айылдын тургундарынан үй-бүлөнүн жашоосу тууралуу сурап чыгышкан.

"Алдын ала маалымат боюнча үйдө туугандар арасында чыр чыккан. Мындан сырткары, коңшулары 12-февраль күнү саат 14.00дөр чамасында аял жергиликтүү тургундун үйүнө барып эки литр бензин сатып алганын көрүшкөн", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты Эреже бузуулар жана жоруктар жөнүндөгү бирдиктүү реестрге каттоого алынып, териштирүү иштери уланууда.