Африкада 100 жылдан бери биринчи жолу кара кабыланды сүрөткө тартып алышты

Сейрек кездешүүчү жырткыч британиялык Уилл Буррард-Лукас аттуу фотографтын объективине илинген.
Sputnik

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Бир кылымдан бери Африкада адамдын көзүнө көрүнө элек кара түстөгү кабыланды Кенияда кезиктирип, сүрөткө тартып алышты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Сейрек кездешүүчү жырткыч британиялык Уилл Буррард-Лукас аттуу фотографтын объективине илинген.

Түн ичинде түгөйү менен бара жаткан кабылан сүрөт капканга "түшүп" калган. Бирок жанындагы кабылан кадимки эле өңдө болгондуктан, анын сүрөтү жарыяланган жок.

Кабыландын териси кара түстө болуп калышына меланин затынын жетишсиздиги себепкер. Ал организмде көбүрөөк болуп кеткенде, тескерисинче, жаныбар альбинос болуп калмак.

"Мен өмүр бою кара кабыланды көргүм келчү. Анын Кенияда бар экенин укканда дароо келгем. Фотоаппаратыма түшүп калганын көргөндө кубанганымды айтпагыла. Кыялым ишке ашты", — деди сүрөтчү.

Кара кабыландар көбүнчө Азияны байырлайт. Ал эми Африкада дагы бар экени имиш катары айтылып келген. Акыркы 100 жылдын ичинде биринчи жолу жырткычты тартып алган сүрөтчү анын бул аймакта бар экенин тастыктап берди.