Иш-чара №714, 702, 703, 705 жана 707 аскер бөлүктөрүнүн аскер кызматкерлеринин катышуусунда уюштурулду. Жогорку класстын окуучулары үчүн аскерий техникалар көрсөтүлүп, экскурсия уюштурулган.
Балдар жоокерлердин душман менен кармашуусунун элементтерине күбө болду. Мындан сырткары, окуучуларга барымтага алынгандарды бошотуу, террордук топторду жок кылуу, парашют менен секирүү жолдору көрсөтүлгөн.
Иш-чаранын эң мыкты учурларын Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөт түрмөгүнөн көрүңүздөр.