Ызаланган Роналду өз тобундагы оюнчуну "нокдаундга" кетирип салды. Видео

Португалиялык футболчу тепкен топтон жабыркаган спортчуга медициналык жардам көрсөтүлдү.
Sputnik

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Футбол жылдызы Криштиану Роналду катышкан жагымсыз окуя Италиянын чемпионатынын алкагында "Сассуоло" менен "Ювентустун" беттеши учурунда болгон. Бул тууралуу Р-Спорт жазды.

Оюн учурунда топ Роналдунун колуна тийип кеткендиктен реферинин ышкырыгы жаңырган. Буга ызаланган спортчу топту ары тепкенде өз командасындагы оюнчу Сами Хедиренин бетине тийген. Жарым коргоочу газонго сулап эле жатып калган. Ага медициналык жардам көрсөтүлгөн.

​Кадрда көрүнүп тургандай, Роналду тепкен тобу кесиптешинин бетине тийгенин ошол замат аңдаган эмес.