ӨКМ эртең Тарых музейиндеги "өрттү өчүрөт"

Машыгуу саат 15:00дө башталып, ага ӨКМдин Бишкек шаары боюнча өрт-куткаруу бөлүмдөрүнүн жеке курамы катышат.
Sputnik

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эртең, 13-февралда, Мамлекеттик тарых музейинде өрт-техникалык машыгуу өткөрөт. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, машыгуу саат 15:00дө башталып, ага ӨКМдин Бишкек шаары боюнча өрт-куткаруу бөлүмдөрүнүн жеке курамы катышат.

Иш-чарага аскер техникасы менен издөө-куткаруу отряддары да тартылат.