Моджахеддер башын 1 млн. долларга баалаган Кара майор каза болду

Керимбаевдин көптөн бери ооруп жүргөнү айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Айтылуу мусулман батальонунун командири, отставкадагы полковник, советтик 40-армиянын жана афгандык моджахеддердин арасында тирүү уламышка айланган Борис Керимбаев каза болду. Маалыматты жакын санаалаштары тастыктады.

Маркум 71 жашта болчу. Көптөн бери ооруп жүргөнү айтылды.

Теги казак Керимбаев же Кара майор башында турган экинчи мусулман батальону 1981-жылдын 29-октябрында СССРдин чек арасынан өтүп, Түндүк Афганистанга кирген.

Афган трагедиясы: согуштун келип чыгуу себептери жана кесепети
Моджахеддерге каршы согушууда көрсөткөн эрдиги, жоокерлеринин тайманбаган күчтүү эрки душманды кыйла жүдөтүп, "Панжшер капчыгайынын арстаны жана падышасы" деп аталган белгилүү талаа командири Ахмад Шах Масуд казак уулу Керимбаевдин башы үчүн бир миллион доллар байге сайган.

1983-жылы Кара майор кызматынын мөөнөтүнүн аяктаганына байланыштуу СССРге кетет. Ал эми Экинчи мусулман батальону афган согушу бүткөнчө кызматын өтөдү. 1989-жылы 15-февралда мусулман батальону Афганистандан СССРдин 40-армиясынын акыркы бөлүгү болуп чыккан.

Керимбаевдин сөөгү 14-февраль күнү Алматы шаарында жерге берилет.