Кулуну эле 100 миң сом турат! Чүйдө багылган зоот жылкылардын видеосу

Бишкектин четинде бирден-бир зоот аттардын тукуму — першерондор багылат. Бул аттардын кулунун алам дегендер курсакта жатканда эле кезекке турушу керек. Чоңдорунун салмагы бир тоннадан ашса, бойлору 180-190 сантиметр. Аттардын наркы 10 миң доллардан тартып 25 миң долларга чейин. Першерондор менен улакка түшүп, көк бөрү ойношпойт. Артыкчылыгы — тукум алуу.
Sputnik

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Новопокровка айылында жашаган саяпкер Исмаил Адаевдин першерон тукумундагы алп бээлерин жана атын тартып келди.

Адаев 20 жылдан бери Европадан асыл тукум аттарды ташып келип, Орто Азия мамлекеттерине сатып ишкерлик кылат. Ошондой эле өзү да жылкы тукумун көбөйтүү менен алек.

Кулуну эле 100 миң сом турат! Чүйдө багылган зоот жылкылардын видеосу

Алгач саяпкер короосунда багылып жаткан першерондордун бой-салмагы, теги, наркы тууралуу кеп кылды.

"Учурда менде першерон тукумундагы эки боз бээ, карала түстөгү першерон (шленск тукуму аралашкан), дагы бир бээ жана чаар ат бар. Бээлердин салмагы бир тоннага жакындаса, бойлору 180 сантиметр, ал эми карала бээники 190 сантиметр чыгат. Жаш курактары жетиде. Ал эми сегиз жаштагы Буян аттуу чаар аттын салмагы бир тоннадан да ашат, бою 185 сантиметр. Бээлерге ысым берилген эмес. Бардыгы Польшадан 2015-жылы үч жашында алып келинген", — деди жылкылардын ээси.

Адаевдин першерондорун сатып алууга ашыккандар көп. Бирок анын максаты — Кыргызстандагы асыл тукумдуу, бой-салмактуу аттардын катарын калыңдатып, жергиликтүү жылкылардын канын жаңыртуу.

Кулуну эле 100 миң сом турат! Чүйдө багылган зоот жылкылардын видеосу

"Ар кимдин өз баасы бар. Мен боз бээлерди 10 миң долларга, чаар атты 15 миң долларга, ал эми карала бээни 25 миң долларга баалап жатам. Бул аттардын кулундарын 5-6 ай кезинде алып кетишет. Бирок ага чейин кезекке туруп койгон болушат. Орточо баасы 100 миң сом. Бээнин тукумуна карап да баасы өзгөрөт. Бөтөнчө Өзбекстан, Тажикстан жана Афганистандан суроо-талап күч. Першерондордон тукум улаганга ашыгышат. Ал эми сүттү, этти, албетте, мол берет. Күчтүү, чыдамкай болгондуктан чарба жумуштарына да иштетсе болот. Бирок биз андай иштерге кыйбайбыз", — деди Адаев.

Кулуну эле 100 миң сом турат! Чүйдө багылган зоот жылкылардын видеосу

Ал кошумчалагандай, першерондор менен улакка түшүп, көк бөрү ойношпойт. Тагыраагы, бул жылкынын басыгы жай. Адаев буларды башка тукум менен аргындаштырса, топту жыра өтүп, байгеден куру калбаган күчтүү аргымактар чыгарын айтат.